Баш оона 25, 2025
Убакыт: 12:13
USD
87.10
87.60
EUR
101.70
102.70
RUB
1.070
1.100

Өзгөндө реконструкциядан кийин спорттук комплекс салтанаттуу ачылды

25.08.2025 09:54
14
Өзгөндө реконструкциядан кийин спорттук комплекс салтанаттуу ачылды


Өзгөн шаарында Зулпукар Ормонов спорттук комплекси салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.


Ачылыш аземи Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 18-турунун алкагындагы "Өзгөн" - "ОшМУ" футболдук клубдарынын беттеши менен уланды.


Салтанатка Кыргыз футбол биримдигин президенти Камчыбек Ташиев катышты.


"Кыргызстандын спорт тарыхы үчүн дагы бир маанилүү объект ачылып жатат. Бул комплекс спорттун бардык түрлөрүнө арналган борбор болуп, жаштарга жана кесипкөй командаларга өз потенциалын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстандын бардык аймактарында жаштар ойной турган, кесипкөй командалар даярдана турган шарттарды түзүү жана жакшыртуу — биздин негизги максатыбыз. Бул жаңы комплекс дал ушул максаттарга кызмат кылат", - деди Ташиев.


Азем белгилүү ата-мекендик алдыңкы эстрада жылдыздардын катышуусундагы концерттик программа менен коштолду.


Ачылыш азем жана беттеш 5 миңге жакын көрүүчүнү топтоду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн