Бишкек шаарында мектеп окуучулары жана бала бакчалардын тарбиялануучулары 12-апрелден тарта онлайн форматта окуй баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Борбор калаада эпидемиялык абал курчуп, акыркы жумада Бишкекте COVID-19 жана пневмония оорулары көбөйдү. Бүгүн борбордук мэрияда шаардык өзгөчө эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын жыйыны болуп өттү.
Балдардын, ата-энелердин жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн мектептерде жана бала бакчаларда билим берүү процессин 12-апрелден баштап эпидемиялык абалды жакшыртуу боюнча атайын чечим кабыл алынганга чейин аралык формасына өткөрүү чечими кабыл алынды",- деп билдирди мэриядан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн