Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада окуучулар үчүн коомдук транспортто жүрүү акысын азайтуу маселеси каралууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди.
Анын айтымында, мындай сунуш мэрия жана шаардык кеңеш тарабынан көтөрүлгөн.
"Азыркы учурда Бишкекте окуучулардын коомдук транспортто жүрүү акысын азайтуу маселеси активдүү каралып жатат. Бул боюнча бардык жагдайларды эске алабыз",- деди вице-мэр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн