Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте өлкөнүн эгемендиги үчүн “Кул болбо” аттуу акциясы өтүп жатат

27.09.2020 13:12
1165
Бишкекте өлкөнүн эгемендиги үчүн “Кул болбо” аттуу акциясы өтүп жатат


Бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында “Кул болбо” аттуу акциясы өтүп жатат.


Акция коронавирустан каза болгон адамдарды бир мүнөттүк эскерүү менен башталып, андан соң Кыргызстандын гимни аткарылды.


Акцияга жарандык активисттер, шаар тургундары, “Бир Бол”, “Реформа”, “Чоң Казат”, “Ата Мекен”, “Республика” партияларынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер  болуп жалпы 200-300дөн ашык адам катышууда.


Активисттер “Эл, эрк, эркиндик!”, “Эгемендүүлүк, элге! “Кыргыз жери кол тийгис”, “Кул болбо!”деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп, ураандарды айтып жатышат.


Жарандык активист Улан Үсөйүндүн айтымында, тынчтык акциясы “Биримдик” партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы уюштурулган.


Акцияга катышып жаткан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикиринде, Марат Аманкуловдун айткан сөзүнө юридикалык баа берилиши керек.


Борбордук шайлоо комиссиясы анын айткан сөзүнө реакция кылып, аны партиянын тизмесинен чыгарышы керек жана укук коргоо органдары жоопко татышы керек”, - дейт ал.  


Буга чейин интернетте Марат Аманкуловдун сөзү жазылган кыска видео тараган. Аталган видео чагымчылдык болуп эсептелерин айтып, чуу жараткан видео боюнча Марат Аманкулов билдирүү тараткан. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн