Бүгүн, 15-июлда Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жогоруда аталган участокто капиталдык оңдоо иштери аяктады.
Белгилей кетсек, Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.
Буга чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин Токомбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнүн бир бөлүгү ачылган.
Бүгүнкү күндө Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабык бойдон калууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн