Бугу 02, 2024
Убакыт: 22:58
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Бишкекте онлайн сабактарга катышпай, унаа жуучу жайда иштеп жүргөн окуучу аныкталды

15.09.2020 17:29
869
Бишкекте онлайн сабактарга катышпай, унаа жуучу жайда иштеп жүргөн окуучу аныкталды


Бишкек шаарында кайыр сураган, иштеген, зомбулукка дуушар болгон балдарды аныктоо максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, рейд Биринчи май районунун акимиаты, ИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү жана Бишкек ШИИБдин коомдук коопсуздук кызматы менен биргеликте жүргүзүлдү. 


"Быйылкы окуу жылында мектепке биринчи класстар гана барышты, калгандары аралыктан билим алып жатышат. Тилекке каршы, айрым өспүрүмдөр абалдан пайдаланып, онлайн сабактарга катышпай, базарларда, унаа жуучу жайларда, коомдук тамактануу жайларында жана башка жерлерди иштеп жатышат.


Рейддин алкагында батыш автобекетке жакын унаа жуучу жайлардын биринде №100 лицейинин окуучусу иштеп жаткандыгы аныкталды. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери өспүрүм менен унаа жуучу жайдын администрациясына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү", - деп айтылат маалыматта. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн