Бештин айы 10, 2024
Убакыт: 11:02
USD
86.65
87.15
EUR
91.10
92.10
RUB
0.855
0.900

Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш башталды

25.11.2024 14:46
455
Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш башталды


Бүгүн Бишкектеги "Газпром" спорт комплексинде оор атлетика боюнча XXXVI эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш оор атлетика боюнча Москвада өткөн олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 71 жылдык мааракесине арналган.

Салтанаттуу ачылыш аземге КР Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов, Дене тарбия жана спорт департаментинин Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Артур Геворгян, Москвада өткөн олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев, федерациясы өкүлдөрү жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Мелдешке Кыргызстан , Казакстан жана Өзбекстандан келген 140тан ашык спортчу катышууда.

Катышуучулар төмөнкү салмак категеорияларында куч сынашууда:

  • эркектер: 55, 61 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 кг;
  • кыз-келиндер: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 кг.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн