Бишкек шаардык мэриясынын күндүзгү жана
түнкү стационарлары пандемия учурунда шаардыктарга алгачкы медициналык жардам
кѳрсѳтүүнү улантууда, деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
Алардын маалыматына ылайык, күн сайын стационарларга
кайрылгандардын саны азайып баштады. Ѳткѳн суткада 13 күндүзгү стационарга 1
миң 688 адам кайрылып, 9 адам ооруканага жаткырылды. 26-июлдан 27-июлга
караган түнү түнкү стационарлар 357 адамды кабыл алды.
27-июлга карата күндүзгү стационарлар жалпы 72 миң 4 адамды,
түнкү стационарлар 6 миң 644 адамды кабыл алды.
Бактыга жараша каза болгондор катталган жок. Дарыгерлер Саламаттыкты
сактоо министрлигинин Covid-19 дарылоо алгоритми боюнча иштеп жатышат.
Бүгүнкү күндѳ стационарларда үй-бүлѳлүк медицина
борборлорунун дарыгерлери, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана
ыктыярчылар иштеп жатышат. Күндүзгү стационарларда 236 адам, түнкү
стационарларда 59 адам иштеп жатат.
Команда 14 күн иштеп, андан кийин эки жума обочолонууга
кетишет. Азыр кезмет алмашуу болуп, экинчи дарыгерлер тобу ишке киришти.
Медицина кызматкерлери жеке коргонуу каражаттары, ысык тамак-аш, убактылуу
турак-жай, акысыз байланыш жана айлык-акы менен камсыздалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн