Бугу 10, 2024
Убакыт: 18:24
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өзгөчө абал режими эпидкырдаал өтө начарлаганда көрүлө турган акыркы чара, - Боронов

26.06.2020 12:14
1063
Өзгөчө абал режими эпидкырдаал өтө начарлаганда көрүлө турган акыркы чара, - Боронов


Эрежелери катуу каратинди, өзгөчө абал режимин киргизүү - бул эпидемиологиялык абал өтө начарлаган шартта мамлекет тарабынан көрүлө турган акыркы чаралар. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бороновдун айтымында, өкмөт мындай абалга жеткирбөө үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Ошол эле учурда бардык тийиштүү санитардык эрежелерди жана талаптарды сактоо үчүн жарандардын аракеттешүүсү керек.

Ошондо гана биз тыюу салуучу карантиндик чараларды киргизбей коё алабыз. Экономикалык ишмердүүлүктүн негизги чөйрөлөрүн жандандырган учурдан тартып бир айдан ашык убакыт өттү. Бүгүн биз Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында эпидемиологиялык абал күнүгө начарлап жатканын көрүп турабыз. Ооруга чалдыккандардын 50%ы алар инфекцияны кайдан жугузуп алышканын билишпейт”, - деди ал.

Өкмөт башчы билдиргендей, ооругандарды медицина мекемелерине жаткыруу маселеси көйгөйлүү бойдон калууда, 118 линиясына чала албай, тез жардам кызматынын убагында келбей жатканына даттануулар түшүүдө. Бишкекте, Чүй облусунда жана Ошто орундардын санын көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерден тышкары, кошумча орундарды даярдоо керек. Бишкектин медициналык мекемелери толуп калган шартта жарандар Чүй облусундагы ооруканаларга жаткырылат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн