Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте өспүрүмдөр арасында Президенттин кубогу үчүн хоккей боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

29.08.2022 17:18
880
Бишкекте өспүрүмдөр арасында Президенттин кубогу үчүн хоккей боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

Бишкек Арена шаардык муз аянтчасында балдар жана өспүрүмдөр командалары арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу үчүн хоккей боюнча эл аралык турнири ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.



Маалыматка караганда, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен улуттук спорттун тарыхында биринчи жолу турнирге “Кыргызстандын Президентинин Кубогу” жогорку статусу ыйгарылды.


Ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамабетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.


Турнир үч жаш категориясында – 10, 13 жана 14 жаштагы балдар арасында өткөрүлөт. Катышуучулар АКШ, Румыния, Түркия, Эстония, Латвия, Өзбекстан жана Казакстандан жана Кыргызстандын аймактарынан келген жигиттердин курама командасынан турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн