Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:48
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бишкекте өспүрүмдөр үчүн Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплекси ачылды

25.11.2021 14:14
1200
Бишкекте өспүрүмдөр үчүн  Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплекси ачылды


25-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун катышуусунда «Чыгыш-5» кичи районундагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин ачылыш аземи болуп өттү.


Комплекс грек-рим күрөшү боюнча балбан, Азия чемпиону, Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Раатбек Санатбаевдин ысымын алып жүрөт. Ачылышка белгилүү спортчунун жубайы Сайра Санатбаева да катышты.


Салтанаттуу ачылыштан кийин жаңы имарат менен таанышуу жана спортчулардын көрсөтмөлүү машыгуусу болду.


Имарат, металл каркас жана сэндвич-панель толтуруу менен курулган чоң, жеңил конструкция. Аянты эки миң чарчы метрден ашкан имаратта үч спорт залы бар: оюн, күрөш жана машыгуу залы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, кеңсе жайлар жана душ. Бардык жайлар зарыл болгон жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган. Аймак толугу менен жашылдандырылып, тротуарлар жасалган жана брусчатка төшөлгөн.


Курулуш иштери подрядчы — «Бийик KG» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн