Теке 27, 2024
Убакыт: 13:30
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Бишкекте өспүрүмдөр унаа уурдап, аны 40 миң сомго сатып жиберишкен

01.12.2023 11:45
374
Бишкекте өспүрүмдөр унаа уурдап, аны 40 миң сомго сатып жиберишкен


Бишкекте өспүрүмдөр унаа уурдап, аны 40 миң сомго сатып жиберишкен. Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, унаа уурдоого шектелген жашы жете элек өспүрүмдөр кармалды.


27-ноябрда милицияга шаар тургуну кайрылып, анын 500 миң сомдук Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын алган белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Унаа Патрис Лумумба көчөсүндөгү техникалык тейлөө станциясында токтоп турган.


Бул фактынын негизинде тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.


Ыкчам иликтөө кызматкерлери 15 жана 16 жаштагы шектүүлөрдү аныктап, кармашкан. Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Иликтөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган унаа Жалал-Абад облусунда 40 миң сомго сатылганы аныкталган. Полиция унааны издөөнү улантууда.


Учурда иликтөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн