Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекте өткөрмө кагазын алууга 52 миңден ашык өтүнүч түшкөн

04.05.2020 12:23
871
Бишкекте өткөрмө кагазын алууга 52 миңден ашык өтүнүч түшкөн


Бишкек шаарынын комендатурасына өзгөчө абал убагында өткөрмө кагаздарын алуу үчүн 52 131 билдирме келип түшкөн. Бул тууралуу шаар коменданты Алмаз Орозалиев бүгүн, 4-майда онлайн брифингде билдирди.


Анын айтымында, алардын ичинен 7028 адам уруксат алды.


Өзгөчө абал учурунда 25-марттан 3-майга чейин коменданттык саатты 3 074 жаран бузду. Алардын ичинен, эркектер – 2658, аялдар – 416. Алардын арасынан өспүрүмдөр – 13, чет элдик жарандар – 97”, - деп билдирди Алмазбек Орозалиев.


Анын айтымында, бул аралыкта 2 093 кылмыш иши козголуп, алардын 1 903 бети ачылган. Ошондой эле 71 ЖТК катталып, жыйынтыгында 86 адам жабыр тарткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн