Бугу 09, 2024
Убакыт: 19:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча мелдеште эки кыргызстандык спортчу коло медаль тагынды

02.06.2023 08:57
704
Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча мелдеште эки кыргызстандык спортчу коло медаль тагынды


 Бишкекте өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер курөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеште эки кыргызстандык спортчу коло байгеге ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Бексултан Махмудов жана Дастан Кадыров үчүнчү орунду ээлешти.

Махмудов мелдеште 97 кг салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган.

Алгач кытайлык балбанга 1:1 эсебинде жеңилген. Ал эми жубатуучу беттеште кытайлык балбанды, коло байге үчүн беттеште Казакстандык балбанды жеңип, 3-орунду ээледи.

Ал эми Дастан Кадыров мелдеште 63 кг салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган.

Алгач Өзбекстандык балбандан жеңилген. Ал эми чечүүчү беттеште Кыргызстандык Баяман Каримовду жеңип, коло байгенин ээси болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн