Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:01
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Бишкекте өз алдынча дартты аныктоо боюнча алгоритм иштей баштады (видео)

06.04.2020 18:24
996
Бишкекте өз алдынча дартты аныктоо боюнча алгоритм иштей баштады (видео)


Бишкек шаарында бүгүн, 6-апрелде эрте мененки саат 8:00дөн баштап алгачкы өз алдынча дартты аныктоо боюнча “Бейтап – байланыш борбору - саламаттык сактоо системасы” аталышында алгоритм иштей баштады, деп маалымдады шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Эми шаардыктар
КР Саламаттык сактоо министрлигинин 118 ыкчам байланыш кызматы аркылуу өз алдынча дартты аныктоо боюнча медициналык консультация ала алышат. Адистер ыкчам түрдө телефон аркылуу эпидемиологиялык анамнез чогултушат, кайрылган жарандын акыбылын кеңири иликтеп, атайын иштелип чыккан анкета толтурушат.

- Акыркы 30 күндүн ичинде башка өлкөдөн келген болсоңуз;

- Өлкөнүн эпидемиологиялык аймактарына каттасаңыз;

COVID-19 инфекциясына чалдыккан адам менен тыгыз байланышта болгон болсоңуз;

- Обсервация мекемелеринде же үй карантинде дарыгерлердин көзөмөлүндө болсоңуз;

- Симптомдорду байкасаңыз: жөтөл башталып, демиңиз кысылса, дене табыңыз жогору болсо.

Инфекцияны аныктоодо коркунуч жаралса, ал жерге дарыгер, эпидемиолог менен лаборанттын курамында уюлдук бригада жиберилип, экспресс-скрининг жүргүзүшөт.

Экспресс-тесттин
жыйынтыгы боюнча бейтап ПЧР-анализдин жыйынтыгы чыкканга чейин өз үйүндө болот, укук коргоо органдары коопсуздукту камсыздайт.

Ошондой эле шаардыктардын карантиндеги кыймылын жана ден-соолугунун абалын каттоо үчүн күндөлүк анкетасы менен мобилдик тиркеме иштелип чыккан. 
Эми ар бир жаран карантин боюнча SMART-көзөмөл астында турат.

Өз алдынча дартты аныктоо боюнча байланыш кызматы эрте мененки 8ден кечки 19га чейин иштейт.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн