Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Бишкекте өзгөчө абалдын талаптарын бузгандар каттала элек, - комендант

25.03.2020 16:46
759
Бишкекте өзгөчө абалдын талаптарын бузгандар каттала элек, - комендант


Ордо калаа боюнча азырынча коомдук тартипти жана өзгөчө абалдын талаптарын бузгандар болгон жок. Мындай маалыматты бүгүн, 25-мартта Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.


Анын айтымында, комендаттык штабдын өкүлдөрү, патрулдук кызматкерлер тарабынан жарандарга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Шаар боюнча атайын блокпосттор орнотулуп, коменданттык тилкелер иш алып барып жатышат.


Жарандардын көчөгө уруксатсыз чыгуусуна тыюу салынып жатат. “Азырынча өзгөчө абалдын тартиптерин жана талаптарын бузуп кармалгандар болгон жок”, - деди ал.    

Өздүгү аныкталбагандар 3 күнгө камакка алынат, ал эми өздүгү так, бирок тыюу салынган убакта кармалган болсо, комендаттык саат бүткүчө  (20:00дөн 7ге чейин) камакка алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн