Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 17:27
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Бишкекте өзгөчө кырдаал режими үч күнгө созулары айтылды

29.03.2024 15:54
223
Бишкекте өзгөчө кырдаал режими үч күнгө созулары айтылды


Бишкекте катуу шамалдан улам үч күнгө өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев журналисттерге берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда комиссия иштеп жатат, анын корутундусунун негизинде калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Ал белгилегендей, ушул тапта 26 социалдык объектте катуу шамалдын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Шамыралиев кошумчалагандай, 28-мартта шамалдын ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен, ал эми секундасына 25 метрге жеткен шамал бороон-чапкын болуп эсептелет.

«Шаарда 70 бак кыйылып, буга чейин алынып салынган. Санитардык тазалоо иштери уланууда. Бүгүнкү күндө дээрлик бардык кесепеттер жоюлуп, калыбына келтирүү иштери уланууда», - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн