Кулжа 29, 2024
Убакыт: 11:42
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

Бишкекте өзүнүн "Эйфель" мунарасы курулат (фото, видео)

24.05.2021 12:41
1213
Бишкекте өзүнүн "Эйфель" мунарасы курулат (фото, видео)

"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы борбордун башкы мунарасы — Бишкек-Тауэрдин (Bishkek Tower) эскизин түздү.


Мекеме азыр көп каражат талап кылган ири имарат кура турчу мезгил эмес экенин, бирок келечекте ишке ашышы мүмкүн деген үмүт менен эскиз иштелип чыкканын белгиледи. 

"Мунаранын негизги максаты — Астана шаарынын "Байтерек", Ирандын борбору Тегерандагы "Азади", Париждеги Эйфель жана дүйнөнүн башка шаарларындагы белгилүү мунаралар сыяктуу Кыргызстандын борборунун көрүнүктүү символу боло турчу объект куруу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

Мунара шаардын түштүк бөлүгүндө жайгашышы мүмкүн, себеби үстүндө туруп калаага байкоо жүргүзсө болот. Имарат үч түркүктөн туруп, ортосуна айнек пирамида жайгашат. Үстүнө купол орнотулуп, ал алтын түстүү түндүк менен жабылып, үстүнө шиш найза бекитилет. Мунаранын бийиктиги 65 метр (найзаны эсепке албаганда) болот. Имараттын негизги түсү ак болуп, кээ бир элементтерине алтын жана күмүш түстөр берилмекчи. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн