Бирдин айы 17, 2025
Убакыт: 00:14
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.940
0.990

Бишкекте пара талап кылган милиция кызматкерлери кармалды

31.01.2025 16:11
239
Бишкекте пара талап кылган милиция кызматкерлери кармалды


Бишкек шаары Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жетекчиси жана кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан ички иштер органдарындагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө Ички иликтөө кызматы менен биргеликте 2 миң доллар өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Октябрь РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ыкчам кызматкерлери Т.У.Ш., Б.А.О., ошондой эле аталган инспекциянын башчысы Ч.Т.Т. кармалды.


Тергөө көрсөткөндөй, жогорудагы кызматкерлердин жасалма негизде кылмыш жоопкерчилигине тартуу аркылуу коркутуу менен кыздардан акча талап кылууга түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталган.


Мындан улам, кармалгандар КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн