Бүгүн, 9-февралда эртең менен темир жолдун Асаналиев көчөсү менен кесилишкен жеринде поезд аял кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, поезддин бир нече эскертүүсүнө карабастан аял темир жолдон качкан эмес.
Тилекке каршы, аял ошол жерде каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн