Бугу 09, 2024
Убакыт: 16:07
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкекте поезд менен көмүр ташыган чиркегичи бар КамАЗ жүк ташуучу унаа кагылышты

Бишкекте поезд менен көмүр ташыган чиркегичи бар КамАЗ жүк ташуучу унаа кагылышты


Кечээ, 17-августта саат 16:15 чамасында Бишкек-1 станциясы менен Мурманск көчөсүнө жакын жайгашкан №49 туташтыруучу темир жол өтмөгүндө маневрдик поезд менен көмүр ташыган чиркегичи бар КамАЗ жүк ташуучу унаа кагылышкан. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын комиссиясы жеринде КамАЗ`дын айдоочусу жол белгилеринин талаптарын эске албай, жакындап келе жаткан поездге карабастан, темир жолго чыгып кеткендигин аныктаган. Натыйжада ошол темир жол менен бара жаткан маневрдик поезд КамАЗ менен кагылышып, жүк ташуучу унаа капталына оодарылып кеткен.

Белгиленгендей, кырсыктан жабыркагандар болгон жок.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы бардык жарандарга жана айдоочуларга темир жол өтмөктөрүнөн өтүүдө коопсуздук эрежелерин так сактоо зарылдыгын эскертет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн