Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү

30.08.2024 22:12
263
Бишкекте президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү


Бишкекте бүгүн, 30-августта президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер катышты.

Ачылыш аземинде президент сөз сүйлөп, бул имарат эгемендиктин, өнүгүүнүн символу болот деп белгиледи.

Президент бийликке келген учурда өлкөдөгү экономикалык өнүгүүнү камсыздоо убадасын бергенин белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн бюджетти эки эсе көбөйтүп, жыл сайын 7 пайыздан кем эмес өнүгүү камсыз кылынганын билдирди.

Коопсуздук үчүн коңшу өлкөлөр менен чек ара такталып жатканын айткан мамлекет башчы Тажикстан менен чек араны аныктоо акыркы этапка келгенин жарыялады.

Жапаров коррупцияга каршы күрөштө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин салымы чоң экенин белгилеп, аны замандын баатыры деп атады.

Жаңы Ак үйдүн курулушу 2023-жылдын жазында Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан алыс эмес жерде, бузулган "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна башталган. Президент өткөргөн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен имарат «Ынтымак-Манас Ордо» деп аталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн