Теке 27, 2024
Убакыт: 10:18
USD
EUR
RUB

Бишкекте президенттин катышуусунда "Кыялымдагы Кыргызстан" аттуу жаштар форуму өтүүдө

28.11.2023 16:42
308
Бишкекте президенттин катышуусунда  "Кыялымдагы Кыргызстан" аттуу жаштар форуму өтүүдө


Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда "Кыялымдагы Кыргызстан" аттуу жаштар форуму өтүп жатат.


Иш-чара маданий программа менен башталып, Кыргызстандын ар кыл тармагында ийгиликке жетишкен өкүлдөрүнүн видеотасмасы көрсөтүлдү.


Форум активдүү жана таланттуу жаштарга кошумча пайдалуу билим, көндүм жана баалуу маалымат алууга дем берүү максатында уюштурулган. Ага өлкөнүн ар аймагынан 2 000ге чукул активист, ар кыл тармактын өкүлдөрү катышып жатат.


Уюштуруучулар форум 2020-2030-жылдар аралыгында жаштар саясатынын концепциясын ишке ашыруунун биринчи этабы катары өтүп жатканын белгиледи.


Иш-чаранын алкагында жаш ишкерлердин жарманкелери уюштурулуп, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн