Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте психотроптук дарыларды рецептсиз саткан дарыкананын кызматкери кармалды

05.12.2022 13:14
304
Бишкекте психотроптук дарыларды рецептсиз саткан дарыкананын кызматкери кармалды

Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери психотроптук дарыларды атайын рецепти жок сатууга шектелген дарыкананын кызматкерин кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы 5-декабрда билдирди.


Милиция “Рефлекс” аталыштагы рейддин жүрүшүндө калаадагы дарыканаларды текшерип, фармацевттердин арасында “дарыларды рецептисиз сатпоо” боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


Ал эми Ош базарындагы дарыканаларды текшерүү учурунда 31 жаштагы фармацевт “Э.А.” кармалды. Күч органдары ал “Н.” аттуу жаранга эки психотроптук затты дарыгердин рецепти жок саткан деп Ленин РИИБге жеткирди.


Факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталды.


Дарыгерлер студент, жадагалса мектеп окуучуларынын арасында “дарыкана наркоманиясы” күчөп жатканын боюнча коңгуроо кага баштады.


Мында зыянын жана кесепетин аңдап билбеген кээ бир окуучулар тигил же бул дарыны такыр башка максатта пайдаланып, өзүн башкара албаган абалда керек болсо өз өмүрүнө кол салуудан кайра тартпайт дешет.

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн