Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте "Асанбай" паркынын ордуна заманбап оюн-зоок паркы курулат

08.05.2024 18:10
219
Бишкекте "Асанбай" паркынын ордуна заманбап оюн-зоок паркы курулат


Бишкекте "Асанбай" паркынын ордуна заманбап оюн-зоок паркы курулат.

Мэриядан билдиришкендей, парк жаңы форматта жана жаңы аттракциондору менен болот.

"Ыңгайлуу кабиналары бар жана бийиктиги 90 метрге жеткен "шайтан араба" аттракционун орнотуу пландалып жатат. Эс алуу аймагы коопсуздук эрежелерине жооп берген аттракциондор менен жабдылып, балдар үчүн акватория болот. Учурда иштеп жаткан зоопарк жалпы концепцияга ылайыкташтырылгандыктан, ишин уланта бермекчи", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө «Бишкек башкы архитектура» ишканасы тарабынан долбоор иштелип жатат. Келечектеги парктын жалпы концепциясы бар, ал курулуш нормалары жана эрежелерин эске алуу менен иштелип чыгат.

Учурда сейил бак эски аттракциондор алынгандан кийинки курулуш таштандыларынан тазалоо иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн