Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапташтары акцияга чыгышты

07.09.2020 16:37
1023
Бишкекте "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапташтары акцияга чыгышты


Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун алдына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапташтары акцияга чыгышты. 


Чогулган 300дөн ашык адам соттон адилеттүү чечим чыгарууну талап кылышууда. Бүгүн саат 16:30да Бишкектин административдик сотунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын иши каралмакчы. 


БШК 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Анын чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган.


Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрыларын билдирген болчу. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн