Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекте "Хонда Фит" карактап бара жаткан 16-17 жаштагы өспүрүмдөр кармалды

11.01.2022 14:17
1136
Бишкекте "Хонда Фит" карактап бара жаткан 16-17 жаштагы өспүрүмдөр кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектелип 16-17 жаштагы өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, 10-январда болжол менен саат 01:30да “102” кызматына Чүй көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде токтоп турган “Хонда фит” үлгүсүндөгү унаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалымат боюнча милициянын өздүк курамына уурдалган автоунааны кармоо боюнча багыттама берилген.


Берилген багыттаманын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш аракеттерин жүргүзүп, Ауэзов жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинен “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.


Текшерүү учурунда унаанын ичиндеги 17 жаштагы Н.А. жана Ж.Б. жана 16 жаштагы Ш.Р. аттуу жарандар унааны уурдап айдап бара жаткандыгы аныкталган.


Аталган факты боюнча кылмышка шектүү жарандар андан ары чара көрүү үчүн Свердлов райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн