Бугу 05, 2024
Убакыт: 08:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык фестивалы өтүүдө

19.07.2023 09:49
1458
Бишкекте "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык фестивалы өтүүдө


Кечээ, 18-июлда Бишкек шаарындагы "Манас" кино театрында "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аттуу XI эл аралык фестивалдын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев жана кыргызстандык, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Россия, Өзбекстандан келген кинорежиссёрлор катышты. Фестивалга келген кадырлуу коноктор кызыл килемден өтүштү.

Иш-чарага катышкан министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев фестивалдын маанисине кеңири токтолуп, өзгөчө өсүп келе жаткан жаш режиссёрлор үчүн аталган фестиваль зор мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Ошондой эле өлкөлөр аралык маданий алака, анын ичинде кино тармагындагы кызматташтык мындан ары да өнүгө беришин каалап, фестивалга катышкан режиссёрлорго чыгармачылык эргүү жана ийгиликтерди каалады.

Фестивалдын ачылышы Изя Герштейндин 1966-жылы тартылган "Тору айгыр" тасмасы менен ачылды.

Белгиленгендей, фестиваль 21-июлга чейин уланмакчы. Анда эл аралык жана улуттук тасмалар көрсөтүлөт. Кирүү акысыз!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн