Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:34
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими" сынагынын республикалык этабы башталды

04.10.2023 09:11
309
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими" сынагынын республикалык этабы башталды


Кечээ, 3-октябрда Бишкек шаарында 2022-2023-окуу жылындагы "Мыкты мугалим", "Мыкты тарбиячы" жана "Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүчү мыкты мугалим" наамдарына талапкерлердин сынагынын республикалык этабы башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, республикалык деңгээлдеги сынактын 1-турунун ачылыш аземине Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов катышты.

Республикалык этап эки баскычты камтыйт, анда облустук этаптын жеңүүчүлөрү сынактык сабактарды сунуштайт, тесттик тапшырмаларды аткарып, педагогикалык чеберчилик боюнча бетачарды тартуулап, педагогикалык кырдаалды чечүү боюнча тренингдерге катышышат.

Сынактын республикалык этабын салтанаттуу жыйынтыктоо 5-октябрда саат 12:30да "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда өткөрүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн