Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү болуп өттү

09.05.2023 12:23
259
Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү болуп өттү

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган «Өлбөс полк» жүрүшү өттү. Иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов катышты, деп билдирет ведомствонун маалымат кызматы.


Акцияга 1941-1945-жылдары Улуу Ата-Мекендик согуштагы кыргызстандык катышуучуларынын урпактары, Коргоо министрлигинин өздүк курамы, Советтер Союзунун баатыры, Д. Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейинин мураскерлери, Советтер Союзунун баатыры, генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы Аскер институтунун курсанттары, КР Куралдуу Күчтөрүнүн ардагерлери катышты.


Эскерүү жүрүшү Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан баштап, Ж. Абдрахманов көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин уланды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн