Бишкекте саатына 700 бейтапты тейлей туган төрт күндүзгү медициналык стационардык борбор ачылат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн атайын 4 борбор ачылат. Мында ошондой эле капельница дагы алса болот. Белгиленгендей, борборлор саатына 700 бейтапты тейлейт. Убактылуу стационарлар борбор калаанын төрт районунда ачылат.
Мындай тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов берген.
“Учурда ооруканага жата албай жаткан адамдар өтө көп. Алар оор абалдагы бейтаптардан бошобой жатат. Бирок оорунун алгачкы белгилери байкалган жарандар бар. Үйдө жатып алар оорусун күчөтүп албашы керек. Баары өз убагында медициналык жардам алуусу үчүн шаардык муниципалитеттин күчү менен борбор калаанын төрт районунда стационардык борборлор ачылат. Мында тажрыбайлуу дарыгерлер нөөмөткө туруп, консультация берип, зарыл процедураларды жасашат”, - деген Кубатбек Боронов.
Өкмөт башчы айткандай, ар бир стационардык борбор 200 орунга эсептелген.
“Алар күнүнө 4000ден 6000ге чейин адамды тейлешет. Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлөт. Адистер курч респиратордук вирустук инфекциянын, пневмониянын же сасык тумоонун биринчи белгилери пайда болгон жарандарга ушул убактылуу медициналык борборлорго кайрылууну сунушташат. Ар бир борбордун көчмө дарыканалары болот, аларда керектүү дарылар сатылат. Ошол эле учурда дары-дармектердин баасына көзөмөл күчөтүлөт. Фармацевтикалык компаниялар дарылардын баасын негизсиз көтөрүү Финансы полициясы тарабынан текшериле турганын, такыр болбосо – жазыктык куугунтуктоо караларын эстен чыгарбоого тийиш. Өлкө үчүн ушундай оор абалда спекуляция менен алектенүүгө жол берилбеши кажет” - деп баса белгилеген премьер-министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн