Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 10:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте саламаттык сактоо тармагында Борбор Азия эл аралык форуму өтөт

27.05.2024 09:47
146
Бишкекте саламаттык сактоо тармагында Борбор Азия эл аралык форуму өтөт


Кыргызстан менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму биргелешип саламаттыкты сактоого инвестиция тартуу жаатында Борбор Азия эл аралык форумун өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Документке 26-майда Женева шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен ДССУнун Европа боюнча регионалдык директору доктор Ханс Клюге кол коюшту.

"Бул документ саламаттыкты сактоого инвестиция тартуу боюнча алгачкы Борбор Азия эл аралык форумуна даярдыктын башталышы болуп калмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, форум 2024-жылдын 26-27-июнунда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында өтөт.

Саламаттык сактоо министрлиги жана ДССУнун Европа регионалдык кеңсесинин ортосунда түзүлгөн меморандум бул маанилүү иш-чараны биргелешип уюштурууга багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн