Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте санитардык эреже бузган кафелерге 1 айда 400 миң сом айып пул салынды

07.08.2020 12:22
1082
Бишкекте санитардык эреже бузган кафелерге 1 айда 400 миң сом айып пул салынды
 

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин, коомдук жайларда тартип жана тазалыкты бузгандар менен күрөшүүнү улантып, пандемия шарттарында санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, июль айында гана эрежелерди бузган ишкерлерге КРнын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 293-беренеси боюнча 395 миң сом айып пул салынды. Көбүнчө кафе, тез тамактануу жайлары санитардык эрежелерди бузган.


Убактылуу режим киргизилгенден тартып Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору 289 берене боюнча жалпысынан 1 миллион 287 миң сомго айып пул салган.


Санитардык текшерүүлөр дагы улантылууда.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн