Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган 447 мекемеге айып салынды (видео)

01.06.2020 17:46
784
Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган 447 мекемеге айып салынды (видео)


Бишкек шаарында санитардык-карантиндик эрежелерди сактабаган 447 мекемеге айып салынды. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов 1-июндагы брифингде билдирди.

 

Маалыматка ылайык, мобилдик топтор тарабынан бардыгы болуп 4 миң 528 объект текшерилгенин, анын ичинен 447сине протокол түзүлүп, жалпы суммасы 1 миллион сомго жакын айып салынган.


Анын айтымында тамактануучу жайлар, соода борборлору жана базарлар санитардык эрежелерди сактабай жатышат.

 

 "Санитардык эрежелерди сактабагандардын ичинде: "Бишкек Парк" соода борбору, "Жираф", Тайм Аут", "Восточка", "Омар не Хайям", "Стамбул", "Ванила" жана башка коомдук тамактануучу жайлары, "Bigser Sport" дүкөнү, "Кудайберген", "Уста" жана "Элит Строй" базарлары санитардык эрежелерди сактабай жатканы аныкталды", - деди Алымкулов.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн