Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 07:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте велосипед менен сейилдөөгө чыккандар жазаланат

20.04.2020 11:31
1005
Бишкекте велосипед менен сейилдөөгө чыккандар жазаланат


Бишкек шаарында велосипед менен парктарда жүргөндөрдүн, велосипеддери убактылуу тартылып алынат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары жана борбор калаанын коменденты Алмазбек Орозалиев айтты.


Анын айтуусуна караганда күн жылыгандан бери парктарда эл көбөйгөн.


“Күн жылыган сайын көчөдө, парктарда жаш балдарды ата-энеси менен сейилдеп коляска жана велосипед менен жүргөндөр көбөйгөнү байкалууда. Ата-энелерге кайрылат элем, балдарга насаат айтып, өзгөчө абал жөнүндө түшүндүрүп колдон келишинче үйдө олтургула. Кимде-ким велосипед менен өзгөчө абалдын талаптарын аткарбай, санитардык норманы сактабай көчөдө жүрсө велосипед убактылуу тартылып алынат", - деди Орозалиев.


Ошондой эле, балдардын ойногусу келгенин, бирок мындай жол менен илдетти жеңе албай турганыбызды Орозалиев кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн