Бугу 18, 2024
Убакыт: 02:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте социалдык шаарчанын курулуш иштери уланууда

12.07.2023 11:55
308
Бишкекте социалдык шаарчанын курулуш иштери уланууда


Калыс-Ордо конушунда социалдык шаарчанын курулушу уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов курулуштун жүрүшү менен таанышты.


Социалдык шаарчанын курулушу “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун эсебинен жүргүзүлүүдө.


Калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн 15 турак жайдын (30 үй-бүлөгө ылайыкталган), медициналык амбулаториялык пункттун (ФАП) курулушу дээрлик аяктап калды, бир нече объектилердин ички жасалгасы калган.


Ошондой эле мектеп жана бала бакча куруу пландалып, курулуш долбоорлору экспертизадан өтүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн