Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:49
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекте сойкукана уюштурууга жардамдашкан деп мурдагы аким жана ишкер кармалды

01.12.2023 13:28
309
Бишкекте сойкукана уюштурууга жардамдашкан деп мурдагы аким жана ишкер кармалды


Бишкекте чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштурууга көмөктөшкөнү үчүн мурдагы аким жана ири ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, кармалган Б.К.А. "Дордойдогу" "Ак-Суу" базарына ээлик кылат жана буга чейин аким болуп иштеген.


"Б.К.А. сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берип, ошондой эле аталган мекеме тарабынан көрсөтүлгөн интимдик кызматтарды бир нече жолу колдонгону аныкталды", — деп айтылат маалыматта.


Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси ("Сойкулукка тартуу") боюнча иш козголгон. Ишкер учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында экени кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн