Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте сөз эркиндигине арналган жөө жүрүш өтөт

26.06.2020 12:13
1119
Бишкекте сөз эркиндигине арналган жөө жүрүш өтөт


Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйынында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Демилгечилер — депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова.


Бул мыйзам долбоорун кабыл алууга 79 депутат макул болсо, 10 депутат каршы добуш берди.


Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган.


Ал эми мыйзам долбоорунун кабыл алынышына нааразы болгон жарандык активисттер 29-июнда "REАКЦИЯ 3.0" аталышындагы жөө жүрүшкө чыгууну пландап жатышат. 


Сөз эркиндигине арналган жүрүш Темир жол бекетинин имаратынын жанынан Эркиндик проспектисинен башталып, Ак үйгө чейин улантылат. Жүрүш саат 12:00дө башталат. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн