Бүгүн, 29-июнда саат 12:00дө Бишкек шаарында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорунун кабыл алынышына каршы "REАКЦИЯ 3.0" аталышындагы акция башталды.
Жүрүшкө болжол менен 300гө жакын жарандык активисттер чогулду. Алардын баары беткап тагынып, аралыкты сактап турушууда. Уюштуруучулар жүрүш саат 12:30да башталарын жана ал Темир жол бекетинин имаратынын жанынан Эркиндик проспектисинен тарта, Ак үйгө чейин улантыларын айтышууда.
Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйынында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынган. Демилгечилер — депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алууга 79 депутат макул болсо, 10 депутат каршы добуш берген.
Аталган мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн