Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 11:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте спортчуларды эл аралык мелдештерге даярдоо маселеси талкууланды

22.12.2023 10:56
1247
Бишкекте спортчуларды эл аралык мелдештерге даярдоо маселеси талкууланды


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын спортчуларын Парижде өтүүчү ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарына, өспүрүмдөр арасындагы IV кышкы Олимпиада оюндарына, XVII жайкы Паралимпиада оюндарына жана башка алдыда боло турган эл аралык мелдештерге даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылга карата спорт тармагындагы жетишкендиктер тууралуу отчет угулду, ошондой эле Парижде өтүүчү ХХХIII Олимпиада оюндарына жана башка спорттук иш-чараларга даярдыктар боюнча презентация көрсөтүлдү.

Маалыма болгондой, 2024-жылы ата мекендик спортчулардын чет өлкөлөрдө 10дон ашуун масштабдуу эл аралык спорттук иш-чараларга катышуусу күтүлүүдө. Кыргызстанда 7 ири спорттук мелдеш өтөт.

2023-жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин бюджети 1 млрд 785 млн 529 миң сомду түзсө, 2022-жылы 1 млрд 474 млн 130 мин сомду түзгөн. Ал эми, 2024-жылы ведомствого 1 млрд 900 млн сом бөлүнөрү күтүлүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов мамлекет тарабынан спортту өнүктүрүүгө жана таланттуу спортчуларды колдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, спорт тармагына бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын жыл сайын акырындык менен көбөйүп жатканы буга далил.

“Бул жыл биздин спортчулардын эң мыкты спорттук ийгиликтерине бай болду. Таланттуу спортчуларыбыз кийинки жылы жаңы жеңиштерге жетишет деп күтөбүз. Биз жаш жана динамикалуу өлкөбүз, алдыда көп ийгиликтер бар. Биздин алдыбызда жайкы Олимпиада оюндарына сапаттуу даярдык көрүү жана спортчуларыбыз үчүн бардык шарттарды түзүү милдети турат”, - деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын курама командасынын Олимпиада оюндарында, ошондой эле Паралимпиада оюндарында курама команданын формасына байланыштуу маселелер талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн