Бугу 06, 2024
Убакыт: 17:13
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкекте судья инвестордун мүлкүн мыйзамсыз тартып алууга көмөктөшкөн

16.02.2024 17:30
478
Бишкекте судья инвестордун мүлкүн мыйзамсыз тартып алууга көмөктөшкөн


Чет элдик инвестордун мүлкүн мыйзамсыз тартып алууга көмөктөшкөн судьяга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратурасы тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча прокурордук көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган иш-аракеттердин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарылгандыгы аныкталды.

Октябрь райондук сотунун судьясы, чет элдик инвесторлордун менчигинде болгон көп кабаттуу имараттын бөлмөлөрүн “К.С.” ЖЧКнын жетекчиси алдамчылык жолу менен 25 жаранга мыйзамсыз сатып жибергендигин алдын ала билип туруп, аталган келишимдерди мыйзамсыз адалдаштыруу максатында 2022-жылы 22-апрелде алардын доо арызын канаттандыруу жөнүндөгү сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарып, чет элдик инвесторлордун менчик укуктарын бузган.

Аталган чечим жогорку сот органдары тарабынан мыйзамсыз жана негизсиз деп табылып, жокко чыгарылган.

Башкы прокуратурасы тарабынан сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу фактысы боюнча судьяга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренеси ("Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү УКМКга тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн