Бишкекте 7 жашар бала сүннөткө отургузгандан кийин каза болуп калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Окуя 2-апрелде орун алган.
"Улуттук госпиталдын дарыгери 2015-жылы туулган балага жергиликтүү наркоздон берип сүннөткө отургузган. Андан кийин эле 7 жаштагы бала №3 балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө "Платтер синдрому, катуу жарааттан кан кетүү" диагнозу менен жеткирилген.
Тилекке каршы көрсөтүлгөн бардык аракеттерге карабай бала эсине келбей каза болуп калган",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн