Бишкек шаарында кечээ, 9-апрелде туруксуз аба ырайынан, катуу шамалдан жана жааган кардан улам борбордогу бир катар бак-дарактар кулап түшкөн. Бирок бактыга жараша жабыркаган адамдар болгон эмес.
Көптөн бери жаңылана электер жана тамыры чирип калган бактар шамалга туруштук бере албай жана суу карды бутактары көтөрө албай кулаган.
Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кечээ 69 бак, 53 дарак бутагы урап түшкөн. Аларды тазалоого “Бишкек жашыл чарба”, “Тазалык” жана “Бишкекасфальтсервис” ишканаларынан жалпы 18 унаа, атайын техникалар тартылды жана 160 адам тазалоо иштерине катышты.
Ошондой эле, суу кардан үзүлүп калган электр линиялар, авариялык бузулуулар калыбына келтирилди.
Борбордук жолдордо, жол четинде суу кардын кесепеттерин тазалоо иштери улантылып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн