Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте суукка байланыштуу 66 от казан тынымсыз иштөөдө

16.01.2023 10:00
210
Бишкекте суукка байланыштуу 66 от казан тынымсыз иштөөдө

Бишкек мэриясына караштуу «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын «от казандары» тынымсыз иштөөдө. 


Муниципиалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, жалпы саны 66 от казан учурдагы аба- ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу тынымсыз иштөөдө.

Алардын 22си жаратылыш газы менен 22си көмүр электр энергиясы менен иштеп жатат.


Ишкана шаардын батыш жана түштүк-батыш бөлүктөрүн: Жал кичи району, Аскердик шаарча, Газ шаарча, Орто-Сай, Калыс-Ордо конуштары жана Жумушчулар шаарчасынын аймагын тейлейт. Жалпысынан ишкана калкты, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин, өнөр- жай жана коммерциялык ишканаларын жылуулук энергиясы менен камсыз кылат. Башкача айтканда 40 мектепти, 14 бала бакча ,12 мамлекеттик мекеме, 212 жеке ишканананы кышкысын жылуулук менен камсыздайт.  


0312 21-29-06 — диспетчерлик кызмат;

0701 777-110 — ишкананын What`sApp номери аркылуу суроо- талаптар менен кайрылсаныздар болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн