Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:32
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкекте сүйүү паркынын ордуна ден соолук паркынын курулушу аяктап жатат (фото)

15.07.2020 15:43
1258
Бишкекте сүйүү паркынын ордуна ден соолук паркынын курулушу аяктап жатат (фото)


Пандемия учурунда Бишкек шаарын көрктөндүрүү боюнча пландык иштер улантылууда. «Бишкек асфальт сервис», «Бишкек свет», «Бишкек жашыл чарба» жана «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери санитардык талаптарды сактоо менен шаардын долбоорлорун ишке ашырып жатышат.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Ч.Айтматов проспектисиндеги 10 гектардан ашык аянты бар мурунку сүйүү паркынын ордуна жаңы ден соолук паркынын курулушу аяктап жатат.

Жаңы коомдук аймакта тротуар жана аллеянын курулуш иштери аяктап, 300 унаага ылайыкташтырылган автопарк, медпункт жана санитардык түйүндөр даяр болду, ошондой эле 115 орундук орнотулду. Парктын түндүк тарабына «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Ч.Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин жаңы жол салынды.

Азыркы учурда спорттук аянтчанын курулуш иштери жүрүүдө. Аталган аянтта футбол, баскетбол талаалары, көлөмдүү шахмат тактасы жана велодром каралган. Спорт аянтчасынын айланасына резина менен капталган чуркоо жолу төшөлүп жатат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн