Бугу 04, 2024
Убакыт: 13:44
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте таэквондо боюнча эл аралык турнир өтөт

09.06.2023 13:02
1320
Бишкекте таэквондо боюнча эл аралык турнир өтөт


10-июнда Бишкекте түштүк кореялык Олимпиада чемпиону Мун Дэ Сондун байгелери жана медалдары үчүн таэквондо боюнча эл аралык олимпиадалык турнир өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Таэквондо академиясынын президенти, спорт чебери, эмгек сиңирген машыктыруучу Убайдула Тохтурбаев маалымат жыйынында билдирди.


«Бул ата мекендик таэквондонун тарыхында мындай жогорку деңгээлдеги спортчунун республикага биринчи жолу келиши. Мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан келген спортчулар жана Казакстан менен Өзбекстандан келген коноктор катышат. Мелдештер балдар, жаштар, кадеттер жана өспүрүмдөр арасында өткөрүлөт. 20 комплект медаль ойнотулат. Бул орчундуу окуя дүйнөлүк спорт коомчулугунда өлкөбүздүн аброюна таасирин тийгизет», - деди ал.


Мелдешке бир күн калганда Борбор Азиядан келген машыктыруучулар жана спортчулар үчүн эл аралык семинар өтөт. 2004-жылы Афинада өткөн таэквондо боюнча Олимпиада чемпиону Мун Дэ Сонг дүйнөлүк таэквондо эрежеси боюнча спаррингге машыгуунун негиздери, теориялык, жалпы физикалык, атайын жана техникалык-тактикалык даярдыктын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн