УКМК тамеки буюмдарын жана никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары, анын ичинде Бишкек шаарында электрондук тамекилерди мыйзамсыз сатуу каналын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык инспекциясы менен биргеликте КР УКМКнын тергөөгө чейинки текшерүүсүнүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, алгачкы эсепке алуу документтери жок тамеки буюмдары, "А.К.А." аттуу жеке ишкерге таандык Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан «R.» аталган дүкөндө сатылган товарлар табылган. Бул продукциянын жалпы суммасы 9 млн 700 миң сомду түзгөн, 620 кутуча алынып, салыктык текшерүү белгиленген.
Такталган боюнча, кармалган продуктылар бажы жана салык төлөмдөрүн четтетүү менен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып келингендиги аныкталды. Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында салыкты жана акциздик салыкты төлөөдөн качуу боюнча төмөндөтүлгөндүгү такталып, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин бузуулар аныкталды, келтирилген зыяндын суммасы 6 млн 191 миң 310 сомду түзгөн.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында, продукциянын ээлери келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында өз ыктыярлары менен 6 млн 191 миң сом акча каражатын чегеришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн