Бирдин айы 09, 2025
Убакыт: 23:56
USD
87.30
87.80
EUR
90.00
91.00
RUB
0.885
0.920

Бишкекте таштанды челектен ымыркай табылды

Бишкекте таштанды челектен ымыркай табылды


Бишкектин Интергельпо көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБи билдирди.


Маалыматка ылайык, наристени окуучулар таап алышкан. Бөбөк тирүү, оорукана жаткырылган.


Укук коргоо органдары факты боюнча кылмыш ишин козгоп, баланын энесин издеп жатышканын кабарлашты.


Саламаттык сактоо министрлиги ымыркай кыз бала экенин айтып, ооруканага өтө оор абалда жеткирилгенин билдирди. Бөбөк айына жетпей төрөлгөн, учурда Шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө, абалы орточо оор деп бааланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн