Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 22:21
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Бишкекте таштанды челектен табылган наристенин жакындары изделүүдө

13.11.2023 15:01
311
Бишкекте таштанды челектен табылган наристенин жакындары изделүүдө


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкекте таштанды челектен табылган наристеге карата көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ведомстводон билдиришкендей, Бишкек шаарынын Октябрь административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлери тарабынан №1 төрөт үйүнө чыгуу уюштурулуп, баланын абалын текшеришти.

Ошол эле учурда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу, жакын туугандарын табып, камкордукка берүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

"Эгерде жакын туугандары табылбай, же камкорчулуктан баш тарткан учурда баланын маалыматтары кийин асырап алуу үчүн ата-энесинин камкордугусуз калган бала катары Мамлекеттик маалымат банкына киргизилет жана социалдык мекемеге жайгаштырылат. Баланы жекече коргоо планы жана маалымат Октябрь административдик районунун Балдар иштери боюнча комиссиясында ушул жумада каралат", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн