Бишкектиктер таштанды чыгаруу үчүн төлөм кечиктирилген ар бир күн үчүн айып төлөйт.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, “Тазалык” муниципалдык ишканасы 2024-жылдын январь айынан баштап төлөмдү кечиктирген ар бир күн үчүн 0,1% өлчөмүндө айып салат.
Белгилей кетсек, туум катуу калдыктарды чыгаруу боюнча жарандар менен түзүлгөн ачык келишимдин 3.2.2-пунктуна жана чарбалык субъектилер менен катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүдөгү 4.3-пунктуна ылайык алынат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн